Жек Ма Кыргызстанга экинчи ирет кайрымдуулук кылды
- 02.05.2020, 12:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кытайлык миллиардер, Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма жана анын кайрымдуулук фонду тарабынан Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардамдын экинчи партиясын беришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекке Кытайдан ПЧР-тест жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар түрүндө гумжардамдын экинчи партиясы келген.
10-апрелде аталган фонддор тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 800 миң юанды түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар түрүндө гуманитардык жардам келген болчу.