У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук университеттин жамааты жасалма дем алдыруучу аппарат алып берди...


Өлкөбүздө каптап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин ишин жеңилдетүү максатында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жалпы жамааты Саламаттыкты сактоо министрлигине жасалма дем алдыруучу аппарат алып беришти.

Тактап айтканда, окуу жайдын окутуучулар курамы жана администрациялык курамы бир күндүк маяналарын аталган аппаратты алууга макулдуктарын өз эрктери менен беришти.

Жалпы окуу жайдын кызматкерлери 665 850 сом чогултуп берген.

Аталган каражатты бөлүп берүү менен өлкөгө аз да болсо салым болсун деген ниет менен дагы да болсо колунан келген жардамдарды кылышаарын жалпы жамаат билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter