У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талас облусуна кирген-чыккан каттамдар токтотулду


Талас облусуна мындан ары эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт. Талас районунун Талдыбулак айылына орнотулган пост жабылды. Облуска сырттан бир гана Талас облусунда жашаган жарандар текшерүү иш чараларын жүргүзгөндөн кийин киргизилет.  Бул тууралуу 
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди. Мындай кадамга барууга Бишкек шаарына каттаган таксилер түрткү берген. Ошондой эле облуска  азык-түлүк, гуманитардык жардам алып келе жаткандар текшерүүлөрдөн соң киргизилээри маалым болду. 

Эскерте кетели, өлкө боюнча жаман вирус катталбаган бир гана Талас жана Ысык-Көл областы калды. Калган аймактарда бирин-экин ооругандар катталып, өзгөчө кырдаал күчөтүлгөн режимге өттү. Учурда өлкө боюнча вирус катталгандардын саны 94кө чыкты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter