У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Конокко барууга, жөө, унаа менен себепсиз көчөгө чыгууга тыюу салынды


Өзгөчө кырдаал киргенине бир топ убакыт болсо да ээн баскан элдин аягы суубаганынан улам, 31-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими күчөтүлдү. Тагыраак айтканда мындан ары  Бишкекте адамдардын жана автоунаалардын көчөдө жүрүүсүнө кошумча чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. 

Орозалиев  өзгөчө абал учурунда коюлган талаптарды аткарбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн эскертти.  

“Комендантура уруксат берген тармактардын тизмесиндеги мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин (колунда иштеген жери берген аныктамасы болушу керек) үйдөн жумушка барып келүүсүнөн тышкары башкалардын баарына шаардын көчөлөрүндө жүрүүгө тыюу салынат. Туугандарга, тааныштарга, кошуналарга, кесиптештерге жана башкаларга барууга, үч адамдан көп топтолууга (үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары), өспүрүмдөрдүн чоңдордун коштоосусуз көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Күнүмдүк тиричиликти камсыз кылуучу ишканалардан тышкары башка мекеме-ишканалардын баарынын иши убактылуу токтотулсун. Биз мындай кескин чарага өзүн да, башкаларды да коркунучка кептеп жаткан адамдар дагы эле көчөдө көп болуп жатканына байланыштуу барып жатабыз. Дагы бир жолу кайрылам, эгер өтө зарыл иш болбосо эшикке чыкпагыла, туугандарыңарга барбагыла! Бул талапты аткарбасаңар биз мыйзам чегинде чара көрүүгө мажбур болобуз” деди Орозалиев. 

Эскерте кетели, Кыргызстанда 94 адам жаман дартты жугузуп, 3 адам илдеттен арылганы маалым болду. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter