У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


65 медкызматкер айыгып чыгып жумуштарына киришти

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифинг учурунда билдирди. 
 
«25-апрелде 3 медицина кызматкеринин вирус жуктуруп алганы аныкталды. Ушул менен илдетке чалдыккан медкызматкерлеринин жалпы саны 175ге жетти. Алардын ичинен 65и айыгып чыгып жумуштарына киришти», -деди министр. 
 
Буга чейин вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин ичинен 50 дарыгер экени айтылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter