Вирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 39га жетти
- 10.04.2020, 10:59,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 10-апрелде Кыргызстанда дагы беш медицина кызматкеринин вирус жуктуруп алганы аныкталды.
«Тилекке каршы, дагы беш медицина кызматкерибизден вирус аныкталды. Ошол менен вирус жуктуруп алган медкызматкерлердин жалпы саны 39га жетти. Азыр алардын баары дарыланууга жаткырылды. Ал эми алар менен байланышта болгон бардык жарандар обсервацияга алынды»-деп билдирди онлайн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.