У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Абдикаримов эки башка буйрук чыгарып, врачтарды сыздатууда…


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов министр болгондо эле ээрге кыйшык отурганын, жоопкерчиликти түк сезбеген кайдигерлигин жазган элек. Ырасында, министр болуп келгени абал жакшырбастан, тескерисинче врачтардын нааразычылыгы күчөп, саламаттыкты сактоо тармагында абал кескин курчуп баратат.

Мына учурдагы оор кырдаалда врачтарды колдобостон кодулаган жоруктарды жасап, иштин көзүн билбеген жоопкерчиликсиз деӊгээлин тастыктоодо. Башкача айтканда, министр Абдикаримов учурдагы коронавируска байланыштуу врачтардын ишмердүүлүгүнө төлөнчү эмгек акы боюнча эки башка буйрук чыгарып, врачтарды нааразычылыгын жаратып, мурдун балта кеспей отурат.

Алсак, 2020-жылдын 15-апрелде биринчи №235 санындагы буйрукту чыгарат. Анда илдет менен түзөн-түз иштебеген медкызматкерлердин айлыгы бир ставкадан жогору төлөнбөшү керектигин белгилейт. Бул эмгек кодексине каршы келет.

Тактап айтканда, илдет чыккан жерге жиберилген врачтардын ордуна башка врачтар 2-3 ставка менен иштөөгө мажбур. Эми ошолорду болсо, «3-4 ставка менен иштесеӊер эмне кылалы, бир ставкадан жогорку айлык төлөнбөйт» деп, айлыктарын кыркып, кыскартып жатат. Айтмакчы бир оклад 5-8 миӊ сом. Ошондо 2-3 ставка менен иштегендер кыйын болсо, 15-20 миӊ сом алышмак.

Кызыгы, министр Абдикаримов эми болсо 2020-жылдын 15-апрелде биринчи №235 санындагы буйругун, №243 2020-жылдын (анысы 2020-жылы дегени 202 болуп ката жазылган) 18-апрелде буйругу менен жокко чыгарып жатат. Негизи министр өз буйругун өзү жокко чыгара албайт. Бизде болсо башаламан. Боло берет.


Министр ошондо экинчи буйругу менен биринчи буйругун жокко чыгарып жатса, анда биринчи буйрукта белгиленгендей илдет менен күрөшүүгө тиешеси жок дарыгерлерге бир окладдык дагы айлык төлөнбөй калабы деген суроо жаралат. Ошондо министрге 2-3 ставка менен иштеген врачтардын (бир ставканын окладын) 5-8 миӊ сом алып жатышканы көп көрүнүп жатыптыр. Мындан улам, поликлиникада иштеген медкызматкерлерди акы албаган өргүүгө чыккыла деп кыйнап арыз жаздырып жатканы кайсы акылга сыйсын. Министрге 3 күн сайын бир эле маселе боюнча эки башка буйрук чыгарып, оюн кыла бергендей, саламаттыкты сактоо тармагы оюнчукпу? 

Мына бийликтин жүзү. Кадрлардын кейпи. Элден 100 миллиондон ашык каражат чогулду. Врачтарга колдоо максатында. Булар анын баарын өздөрү "мойсоп" врачтарды сыздатып жатышабы? Сырттан дээрлик 500 миллион долларга чейин каражат алышты насыя. Алар кайда кетип жатат? Деги ким башаламандыкты көзөмөлдөйт? Карантин бүтсө ар бир тыйынына чейин «жепжутарлар» элге отчёт бериши милдет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter