У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин маалында жалгыз бой эне жанын кыюуга аракет кылды



Карантин коомдун калың катмарындагы кыйынчылык менен күн көргөндөрдү ачыкка чыгарып жаткандай. Тилиш тишине катып эптеп күн көргөн эл үчүн ишсиз үйдө отуруп калуу оорчулук жаратууда. Анын кесепетинен түрдүү кырсыктар да катталып жатат.

Маселен, карантин маалында үй-бүлөлүк чырдын айынан бир аял көз жумса, бир топ өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга жетишти.

Ал эми кечээ, 23-апрелде  Караколдо жалгыз бой эне өмүрүн кыюуга аракет кылды.  Бул тууралуу Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди.

Анын айтымында, ал аял 2 баланы багып келген, алардын биринин майыптыгы бар.

«Кечээ маалымат келгенден кийин мэриянын жана «Тирек» реабилитациялык борбордун кызматкерлери ал үй-бүлөгө барышкан. Ал аял көп дары ичип алып, өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бирок аны медицина кызматкерлери куткарып калган. Ал үй-бүлөсүн бага албай жатканын айтты. Кечээ күнү мэриянын кызматкерлери гуманитардык жардам алып барып берди. Ошондой эле балдарга жардам борбору да азык-түлүк түрүндө жардам беришкен. Учурда ал аял менен психологдор иштеп жатат», — дейт Орозова.

Жалгыз бой эне учурдагы кырдаалга байланыштуу күнүмдүк оокатын таап иштеген ишинен ажыраган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter