У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлназ Чыныбек кызы: "Лайктарымдан өйдө санагандар бар экен..."




"Лайк" - (like)  англис тилинен  которгондо "жакты" дегенди билдирет. Социалдык тармактарда дал ушул "жакты" белгиси аркылуу кандайдыр бир маалыматтын же кайсы бир атактуунун жарыялаган жаңылыктарын, сүрөттөрүн баалагандардын санын билүүгө болот. Заманга жараша бири-биринин кадыр-баркын "лайк" аркылуу баалгандар да арабызда бар. Мындай окуяга ырчы Гүлназ Чыныбек кызы туш болгон. 

"Жакында эле бир аты чыккан ырчы менен инстаграм жөнүндө баарлашып калдык.
"Катталуучулардын санын кантип көбөйтүп жатасың? Гивдерге катышыппы?" дейт. "Жок, катыша элекмин. Атайлап деле чара колдонгон жокмун. Болгону чын дилимден жан дүйнөмдөгү сөздөр, окуялар менен айтып, жазып бөлүшүп турам. Баарлашам. Кимге кызык болсо катталып жатышса керек..." - деп жооп бердим. Анда ал: "Андай болсо лайктарыңдын саны ар бир сүрөттө жок эле дегенде 10 миңден ашып туруш керек болчу" дейт. Мен: "Ааа биздикилер лайкка деле анча көңүл бурбайт окшойбуз. Эң башкысы кеңеш сураганда айтып, жакшы саамалык менен бөлүшкөндө жакшы сөздөр менен алкашып турабыз. Ошондон дем, күч алып турам." дедим. "Мммм" деп эле калды.
Анын сыңарындай, мен го сиздердин бар экениңиздер жана мени менен экениңиздерге эле ыраазымын. Бирок, лайктарыман, комментарийлеримден бери карап, көз салып тургандар бар экен, ошого тиги бурчтагы жүрөкчөнү деле баса жүргөнгө бара-бара көнүп деле калсак керекпи деп ойлоп койдум эле өзүмчө отуруп... (эл көзүнө)"
дейт ырчы айым.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter