У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин учурунда Бишкекте өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды


Карантин калктын калың катмарында сырты жалтыраган менен ичи калтыраган турмушта күн кечирген жарандардын көптүгүн көргөзүүдө. Жардам сурап каякка кайрылаарын билбей, ким жардам берсе ошолорго тынымсыз кат жазып, иши кылып бала-бакыранын курсагын тойгузайын дегендер өтө көп экенин жардам берип жүргөн кайрымдуу инсандар тынымсыз айтышууда. Күндөгүсүн күндө таап, үй-бүлө баккандардын турмушу оорлогондон оорлоду. Мындай кыйын кырдаалда адамдарда психикалык жарылуу көп болуп, аз убакыттын ичинде вирустан мурда эле өз өмүрүнө өздөрү кол салгандар четтен чыгууда.

Өткөн айда жаш өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салганына кейип жатсак, апрель айынын башында үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсүнө бычак сайган аялдын окуясы жүрөк ооруткан. Андай мындай дегиче, айтып оозду жыйгыча кечээ, 14-апрелде түнкү саат 20:53тө Жал кичи районунунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургуну батирдин терезесине чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. 

Окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, аял кишини куткарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда абалы канаттандыраарлык деп бааланууда. Айтор бул вирус адамзаттын башына түшкөн мүшкүл экенин тастыктоодо...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter