У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Новосибирскиде учакка батпай калгандар, консулдун кызматкерлери коррупцияга барышканын айтышууда?..


Бүгүн 22-апрелде Новосибирскиден 176 жүргүнчү учуп келди. Аларды баары обсервацияга алынды.

Тилекке каршы, Новосибирскиден Бишкекке 22-апрелде чыккан учакка илинбей калган 30дан ашык жарандар Консулдукка нааразычылыгын билдирүүдө. Алар бир айдан бери кете албай жатышканын, консулдун кызматкерлери тизмени өӊ-тааныштык менен түзүшүп коррупцияга барышканын, натыйжада акыйкатсыздыктын кесепетинен аэропортко да кире алышпай сыртта калып, Кыргызстанга келе алышпай калганын билдиришүүдө.

Бирок Новосибирскидеги консулдуктун өкүлү Нуралы Акпаралы уулу: «Биринчи кезекте жашы улгайгандарды, кош бойлуу келиндерди, атайын кармоочу жайда кармалып тургандарды жана Орусиянын алыскы аймактарынан келип, 20-марттан бери Новосибирскиде диаспоранын күчү менен хостелдерде жашап жаткандарды жөнөттүк»,-деп дооматтарды четке кагып, тизме калыс түзүлгөнүн «Азаттыкка» айтты.

Элчилик каалоочулар 300дөн ашуун адам болгондуктан бул жолу баары батпай калганын, учакка илинбей калгандарды сабырдуулукка чакырып, дагы каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр уланарын, консулдук жардам берерин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Абылгазиев абалды өз көзөмөлдөрүнө алып, жагдайды териштирип, консулдуктун кызматкерлери нааразы болгон жарандар айтып жатышкандай жоруктарга барышса тиешелүү чара көрүшү милдет.

Ошондой эле, келе албай калган жарандарды жалдыратып таштап коюшпай, тез арада Кыргызстанга алдырышы зарыл. Ак-көк деп бөлгөн туура эмес го…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter