У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай убара болууда


Дүйнөнүн төрт тарабына тарап жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар  мекенине кайта албай убара болушууда.

Алсак, Орусиядан кайра албай ара жолдо калган мекендештер Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын бирине ара жолдо калганын маалымдашты.  Маалыматка ылайык, Орусиянын «Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда рейс күтүп жаткан мекендештер кыргыз өкмөтүнөн жардам сурап кайрылууга аргасыз болушкан. Мекендештерге Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жардам бериш үчүн мобилдик топторду түзүп, тамак-аш менен камсыздап, медициналык жардам бергендигин кабарлашкан.

Мындан сырткары Вьетнамдан да 20дан ашуун кыргызстандык мекенге кайта албай тургандыгы маалым болду. 
Кыргызстанга кайталы деп болгон акчасына билет сатып алган мекендештер 26-мартта Вьетнамдан Новосибирскиге, ал жактан Бишкекке учмак.  Аэропортко барган кыргызстандыктар учакка батпай калып калышкан. Тилекке каршы Орусия чет өлкөлүктөрдү мекенине киргизбей жатат. 

Мындан сырткары Казакстан менен Орусиянын чек араларында да бир топ мекендештер өтө албай тургандыгы маалым болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter