У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ооруганын жашырган жаран апасына вирус жуктуруп, ал көз жумган


  Бул тууралуу 12-апрелде Ош облусу, Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди. 

«Кара-Суу районунун Жар-Ооз айлынын жараны Испанияга иш сапар менен барып келген. Ал вирус жуктуруп алып, ооруп жатканын жашырган. Натыйжада оору апасына жугуп, ал көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатууга аз санда гана адам келген жана алар менен байланышта болгон адамдардын баары карантинге алынган. Ал эми вирус жуктуруп алып, оорусун жашырган жарандын жоопкерчилиги ал айыгып чыккандан кийин каралат. Учурда тийиштүү иштер жүрүп жатат», -деп айтты Малик Нурдинов. 
 
Эске сала кетсек, буга чейин Ош облусунда бир адамдын вирус жуктуруп алып жашырып жүргөнү аныкталып, ал жаранга кылмыш иши козголгондугу айтылган эле.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter