У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жуктуруп алып, жашырып жүргөн жаранга кылмыш иши козголду

Ош облусунда илдетти жуктуруп алып, жашырып жүргөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул туурасында 7-апрелде онлайн брифинг учурунда Ош шаардык жана Ош облустук, Кара- Суу, Ноокат райондору боюнча  коменданты Нурдинов Малик билдирди.

«Бүгүн бир жаранга илдетти жуктуруп алуу статьясы менен кылмыш иши козголду. Анын өздүгүн жана статьяларды азырынча ачыктабай турайын. Ал жаран вирус жуктуруп алганын билип туруп, бирок жашырып туугандары, кесиптештери, жакындары менен байланышта болуп жүрө берген. Качан гана өзү ооруп калганда билинди. Жакындарынан, кесиптештеринен да вирус аныкталды. Учурда ал  ооруканага  жаткырылды. Айгып чыгары менен камакка алынат. Жашырып койгондугу жана башкаларга илдетти  жуктурганы үчүн беш жылга чейин соттолот. Ошондуктан оорунун белгилери болсо, өзүӊөр күмөн санасаӊар дароо ооруканаларга кайрылгыла»- деди Нурдинов Максат. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter