У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жуктуруп алып, дарылануудан баш тарткан жаранга кылмыш иши козголду

Санитардык-эпидемиология эрежелерди бузгандыгына байланыштуу вирус жуктуруп алып үй-бүлөсү менен дарылануудан баш тарткан Нарындагы жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын ОИББи билдирди. 

Эске сала кетсек, илдетке чалдыккан жаран дарылануудан баш тартып, дарыгерлер берген дарыларды ичкенде жакшы болбой эле абалы оорлошуп кеткенин айтып видео кайрылуу жолдогон. Буга байланыштуу Нарын районунун Ооорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору ал жаранга карата чара көрүү үчүн милицияга арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Учурда ал жаран ооруканада болгонуна байланыштуу тергөө чаралары бейтап айыккандан кийин ишке ашары айтылууда. 

Маалыматка ылайык, О.М. аттуу жаран 2019-жылы ноябрь айында Пакистанга даватка кетип, ушул жылы 15-мартта Бишкекке келген. Ага коронавирус диагнозу коюлуп, карантинге алынган. Бирок ал  карантиндин шарттарын сактаган эмес. Аны менен тыгыз байланышта болгон дагы Нарындык 3 жарандан 30-мартта вирус аныкталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter