Дагы 7 медкызматкеринен вирус аныкталды
- 21.04.2020, 11:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
21-апрелде вирус жуктуруп алгандардын жетөө медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Жаӊы вирус жуктурган дарыгерлер: Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 2, Бишкек шаарында – 3. Жалпысынан республика боюнча вирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны– 147ге жетти.