У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мухаммедкалый Абылгазиев: "Медицина кызматкерлери жөө баспай, транспорт менен камсыздалышы керек"



Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев оору менен бетме-бет келген медицина кызматкерлерин бардык керектөөлөр менен камсыздоо керектигине басым жасады. 

«Кайдыгер эмес жарандар жана медицина кызматкерлеринин туугандары тараптан даттануулар абдан көп. Дагы бир ирет эскерте кетейин, медицина мекемелеринин кызматкерлери посттордон тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Алар ошондой эле бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек. Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын марштруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабагынын көрүп турабыз. Илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча токтолсок, кыска мөөнөттө алар менен байланышта болгондорду издеп-табуу жана санын тактоо иштерин бүтүрүү керек. Алар вирустук инфекцияны таратышы мүмкүн деген тобокелдик бар», - деп белгиледи Премьер-министр. 

Мындан сырткары жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коменданттык саатты бекем сактоо керектигине токтолду. "Бул маанилүү, ансыз коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу мүмкүн эмес", - деди Өкмөт башчы. 

Ошондой эле борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен четтетүү зарылдыгына токтолду.

«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатышканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек.  Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгон болбойт. Ошондуктан Бишкек шаарынын комендатурасы мындай фактыларды аныктап, бузуучуларды өзгөчө абал маалында мыйзамга ылайык жазалоого тийиш. Ошону менен бирге дагы бир ирет белгилей кетсем, бүгүнкү күнү азык-түлүк продуктулары жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаа каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатышат», - деп ишендирди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүүсү керектигин эскертти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter