Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды…
- 14.04.2020, 13:56,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол койду.
Азыркы кезде коронавирус жуккандардын 14-апрелге карата жалпы саны 430 адамга жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.
22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
Саламаттык сактоо министрлиги оорунун жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.