Алмазбек Орозалиев: "Күн жылуу болгонуна карбай, жаш балдар менен сейилдебей турууга чакырам"
- 20.04.2020, 14:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Күн жылыгандан тарта жаш балдар менен сейилдегиси келген ата-энелердин саны көбөйүп бара жатканын Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Ал балдарын көчөгө сейилдегени чыгарып жаткан ата-энелерге эскертүү берди.
“
Кээ бири коляска менен, кээ бири велосипед тээп жүрөт. Ата-энелерге айтарым, балдарга акыл-насаат айтып, өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп, колдон келишинче үйдө отургула. Кимде-ким санитардык норманы аткарбай көчөдө жүрсө, велосипеди убактылуу алынат. Мен балдар ойногусу келип жатканын түшүнүп турам, бирок мындай жол менен ооруну жеңе албайбыз”, — деди Орозалиев.