У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БДСУнун башкы директору Тедрос Аданом: "Коронавирусту кыймылды токтотуу, обочолонуу менен эле жеңе албайбыз"


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Женевада өткөн брифинг учурунда адам баласы коронавирусту жалаң эле обочолонуу, кыймылды токтотуу менен жеңе албай тургандыгын айтты. Анын айтымында адамдардын жеке изоляцияга алынуусу, кыймылды токтотуп коменданттык саат жарыялоосу вирустун жайылып кетпеши үчүн гана жасалган кадамдар экенин айтты. Бирок вирусту жок кылууга адам баласы андан да олуттуу кадамдарга баруусу зарыл экендигин кошумчалады.  

"Вирус менен күрөшүү үчүн жашынып жатуудан да олуттуу кадамдарга баруубуз зарыл. Ал үчүн:
1. Саламаттыкты сактоо системасын мурдагыдан да жакшыртуу;
2. Оору менен бет келип, кармаша ала турган дарыгерлер тобун көбүрөөк даярдоо;
3.Ооругандар менен байланышта болгон (контакт) бардык адамдарды так аныктоо;
4. Коронавирусту аныктоочу тесттерди көбөйтүү;
5. Ооруканаларды колдон келишинче көбүрөөк салуу;
6. Болгон күчтү вирус менен күрөшүүгө гана жумшоо керек", - деди БДСУнун башкы директору. Ошондой эле вирусту жеңген күндө да жеңдик деп кубанып,  карантинге чыккан элди жайма-жай турмушка үндөөгө шашылбай турууну сунуштады. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter