16 бейтаптын абалы оор, 8 адам реанимацияда
- 20.04.2020, 11:15,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
COVID-19 илдетине чалдыгып дарыланууда жаткан 16 адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрилигинен кабарлашты.
«Бүгүнкү күндө ооруканада 360 бейтап дарыланып жатат. 16 адамдын абалы оор деп бааланууда. Анын ичинен 8 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандарынын абалы орточо жана канааттандыраарлык»-деп министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Эске салсак, 20-апрелде вирус жуктурган жаӊы 14 учур катталды. Өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 568ге жетти. Анын 140 медкызматкерлер.