13 бейтаптын абалы оор деп бааланууда, 9 адам реанимацияда
- 14.04.2020, 11:02,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Вирус жуктуруп алып стационарда дарыланып жаткан жарандардын жалпы саны 354. 13 адамдын абалы оор деп бааланууда. Анын ичинен 9 адам реанимацияда. Калгандарынын абалы орто жана канааттандыраарлык экендигин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Илдетке чалдыккандардын арасында бир жашка чейинки 3 наристе бар. Ал эми он беш жашка чейинки балдардын саны 40ка жетти.
Маалыматка ылайык, ушул кезге чейин 71 адам айыгып, беш адам каза тапты.