У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


5-апрель. Жаман вирус жуктурган 3 адам Бишкекте катталды


Тилекке каршы Бишкек шаарынан 4-апрелде 3 адам коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Ошону менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 147 киши болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абыкаримов маалымдады.

Жалал-Абад облусунда – 67, Ош облусунда – 35, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Бишкек шаарында – 18, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2 кишиден коронавирус табылган. Алардын 9у дарыгерлер. Обсервацияда 1454 адам жатат.
Вирусту жуктурган 147 киши менен байланышта болгондордун саны - 5048, анын ичинен жакын байланышта (үй-бүлө мүчөлөрү) болгон адамдардын саны - 548.

Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Буга чейинки эсеп менен тогуз адам сакайганы кабарланды. Бирок 5-апрелде министр коронавирустан айыккандардын санын 8 киши деп айтты.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter