Ат-Башыдагы алты айылдан вирус чыкты
- 18.04.2020, 14:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын облусунда акыркы суткада вирус жуктурган 11 адам катталган. Анын ичинен 10 киши Ат-Башы районундагы алты айылдын тургундары экенин Ат-Башы райондук штабдын башчысы Нурбек Сатаров билдирди.
«Жалпысынан Ат-Башы районунда коронавирус инфекциясына чалдыккан 29 адам катталды. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталып, обсервацияга алынды. 18-апрелде вирус жуктурган 10 адам Ат-Башы, Бирлик, Биринчи май, Терек-Суу, Казыбек, Ак-Жар айылдарынын тургундары болуп чыкты», - деди Нурбек Сатаров.
Буга чейинки илдетке чалдыккан 19 жаран Ат-Башы, Ача-Кайыңды, Бирлик, Ак-Жар айылдарынын тургундары болгон.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 56 адамга жетти.