Карындашым менин көзүмчө терезеден секирип өз жанын кыйды. Зордукталып өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын байкеси окуя тууралуу айтып берди
- 10.04.2023, 14:48,
- Коом / Жаңылыктар
- 5
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
13 жаштагы Адинай Жаныбекова 2021-жылдын ноябрь айында дайынсыз жоголгон. Аны 20 жаштагы бала зордуктап, бир нече айдан кийин 6-кабаттан секирип өз жанын кыйган.
Окуянын чоо-жайын Адинай Жаныбекованын бир тууганы Болот Жаныбек уулу 24.kg агенттигине айтып берди. Анын айтымында, зордуктаган жаранды камакка алуу Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн жардамы менен гана мүмкүн болгон.