У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тескейдеги терме! «Ата баркы менен кыз өтөт» дегендей ата баркы менен саясатка аралашкан Жаныбек Абиров көмүр бизнесин коргоо үчүн кайрадан депутат болгусу келгенде…

 

Үстүбүздɵгү жылдын 11-апрель күнү ɵтɵ турган Жергиликтүү Кеңештин шайлоосун утурлай үгүт иштери абдан кызуу жүрүп жаткан маал. Айрыкча Бишкек Шаардык Кеңештин депутаттыгына так талаш катуу жүрүп жатат. Учурдагы Шаардык Кеңештин тɵрагасы Жаныбек Абировдун буга чейин шайлоого катышпаган бир жаңы партияны жетектеп чыгып атканын, курамына жаштарды кɵп кошуп, жаңы жүздɵрдү алып чыууга белсенип атат деп угуп кубанып, колдоого алып жазган да жайыбыз бар. Кɵрсɵ ал жɵн гана «реклама» экен. Бул жолку шайлоодо «Эмгек» партиясын жетектеп чыккан Жаныбек Абиров партиянын катарына жалаң кɵпɵстɵр менен буга чейин бир эмес, 2-3 ирет депутат болсо дагы куурай башын сындырбаган Шаардык Кеңештеги эски жүздɵрдү катарына кошуп алып элдин башын айлантып атыптыр.

Эми Жаныбек Абировдун жеке ɵзүнɵ токтолуп ɵтɵлү. Жаныбек Болотбекович, айтылуу «кɵмүр магнаты», башкача айтканда кɵмүр ташуу менен бизнес кылган «Рассвет Компании» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун (мындан ары ЖЧК) кожоюну Болотбек Абиров дегендин уулу. Болотбек Абировичтин кɵмүр ташуудан башка дагы толгон-токой бизнестери бар. Жаныбек Абиров 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясынын тизмеси менен Бишкек Шаардык Кеңешке депутат болгон. Атамбаев менен «старший» Абировдун жеке мамлеси жакшы болгондуктан баласын СДПК партиясына киргизгенин, а түгүл 2018-жылы Бишкек Шаардык Кеңештин тɵрагасы кылганын ошол учурда жазганбыз. Кыргызда: «Соодагер баркы менен бɵз ɵтɵт, ата баркы менен кыз ɵтɵт», -деп таамай айтылган сɵз бар. Бирок, Жаныбек Болотбекович тɵрага болгонго чейин ата баркы менен бала кызматка кɵтɵрүлɵт дегенди уга элек болчубуз. Абиров мырза тɵрага болгондо болгону 30 гана жашта гана эле. Эми ойлонуп кɵрсɵңүз, каржылык жактан алсыз болсо, атасы кийлигишпесе мурун-кийин элге бир кызматы менен кɵрүнбɵгɵн, аты-жыты билинбеген «молокосос» Жаныбек Абиров кантип борборго депутат болот, кантип тɵрага болот?!

Түпкүлүгүндɵ таза кыргыз болуп туруп кыргыз тилин тыңгылыктуу сүйлɵп, жаза албаган Жаныбек Абировдун Шаардык Кеңештин тɵрагасы болгонго моралдык укугу жок болчу! Эми болсо «Эмгек» партиясын жетектеп кайрадан Шаардык Кеңештен мандат алууга жан үрɵп бара жатат. Элди бетине кармап, эл кɵйгɵйүн чечем деген «ураан-араандарына» карапайым эл ишениши мүмкүн. Бирок, анын ишмердүүлүгүн, буга чейин Абировдордун кантип байыганын жакшы билген биз убадаларына кантип ишенээрибизди билбей биз турабыз. Так кесе айтканда Абиров депутат, тɵрага болуу менен эл кɵйгɵйүн чечет деп ишене албайбыз. Ал ɵз бизнесин, негиздүү айтканда Бишкектеги айтылуу Жылуулук Электр Борборуна (мындан ары ЖЭБ. эл ичинде ТЭЦ катары белгилүү) кɵмүр ташыган компаниясынын ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүш үчүн мандат кɵксɵп баратканын баса белгилеп коелу! Каарманыбыз Абировдордун кɵмүр бизнеси боюнча кезинде массалык маалымат каражаттарына толгон-токой макалалар жарыяланган. Алардын айрымдарына кыскача токтоло кетсек ашыкча болбос…

ЖЭБге сырттан кɵмүр ташуу боюнча ɵткɵзүлгɵн тендер чатагы 2018-жылдары күчɵгɵн. Казакстандын кɵмүрүн ким ташып келиши керек деген «темадагы» тендерге негизинен казакстандык «Евротранс Групп» компаниясы менен кыргызстандык «Рассвет Компании» деген эки «дɵɵ» атаандаш чыккан. Тендер мыйзамынын алкагынан караганда эң ылдый баа берген компания жеңишке жетишиши керек эле. Тилекке каршы бул тендерде «Рассвет Компании» компаниясынан дээрлик 70 миллион сомго арзан баа сунуш кылганына карабастан «Евротранс Групп» компаниясы жеңилген. Тагыраагы казакстандыктар сынактан уттуруп жиберишкен. «Иттин ɵлүгү» кайсы жерде кɵмүлгɵнүн аныкташ үчүн «Евротранс Групп» компаниясы КР Финансы министрлигинин астындагы мамлекеттик сатып алуу Департаменти деген кызматка арыз жазышкан менен жыйынтыгында бозала болуп жоопсуз калышкан.

Эми түшүнүктүү болуш үчүн сан менен чечмелеп айта кетели. Бишкек Жылуулук Электр Борбору жыл сайын болжолдуу 1 миллион тонна кɵмүр жагат. Анын 550 миң тоннасын Кара-Кечеден, 50 миң тоннасын Таш-Кɵмүрдɵн, калган 400 миң тонна кɵмүрү Казакстандан келет. Анан «Электр станциялары» ачык акционердик коому 2018-жылы Бишкек ЖЭБине ошол коңшулардан келүүчү 400 миң тонна кɵмүргɵ 1 миллиард 400 миллион сом бɵлүп, тендер жарыялаган болчу. «Евротранс Групп» мынча кɵмүрдү 1 миллиард 350 миллион сомго жеткизип беребиз десе, «Рассвет Компании» ушул эле кɵмүрдү 1 миллиард 420 миллион сомго жеткизе турганын билдирген. Натыйжада, 70 миллион сомго кымбат кызмат сунуштаган компания тендерди утуп кетип, элдин оозун ачырган.

Тендердик комиссиянын бир гана мүчɵсү, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев мындай бейкалыс, адилетсиз чечимге каршы чыккан. Бул жɵнүндɵ эксперт Умбеталиев:
«–Кɵмүр ташып келүүчү ортомчу-компания тоннасын 52 доллардан сатып, ар бир тоннадан 16-18 доллардан пайда кɵрɵт. 2014-2016-жылдары ушул эле кɵмүрдүн тоннасын 56 доллардан сатып, 20 доллардан пайда кɵрүп туйтунушкан. Жɵнɵкɵй эле эсептегенде, ортомчу-компаниясыз ташылып келинген кɵмүрдүн бир тонна баасы 34-36 доллар болмок.

Ал эми ортодон «Рассвет Компании» катышкандыгына байланыштуу, бюджет жылына 600 миллион сомдон 1 миллиард 200 миллион сомго чейин зыян тартып жатат. Ошол тоннасынан түшкɵн 18-20 долларлык айырма, албетте, кɵмүр ташууну кɵзɵмɵлгɵ алган олигархтардын жана ɵзүбүздүн эле айрым чиновниктердин чɵнтɵгүнɵ кирип кетип атканы бештен белгилүү. Бул компанияны убагында калкалап турган мамлекеттик аткаминерлер камалып кетишкен. Бирок алардын түзүп кеткен схемасы боюнча азыр ким дегендер мамлекетти уурдап-тоноп атышат?!», -деген пикирин айткан эле.

Бул биз сɵз кылып жаткан Абировдордун менчигиндеги «Рассвет Компани» 2015-жылга чейин бɵлɵк ат менен – «Прогресс Компани» катары белгилүү болгон. Бул компания тɵрт жыл катары Казакстандан кɵмүр ташып келүү менен алектенип, жалган тендерлерди дайыма утуп алып турган. Кийинчерээк, текшерүүлɵрдɵн чочулап «Прогресс Комании» ЖЧКсын жаап таштап, «Рассвет Компании» деген ЖЧКсын жаңы түзүп каттатышкан. Аталган эки компаниянын тең негиздɵɵчүсү, кожоюну Болот Абиров деген жеке ишкер болгонун белгилей кетели. «Айтылуу» Абировдор «Шабыркүл» кɵмүрүн ташып келүүдɵ биринчиликти эч кимге берген эмес. Эске сала турган болсок, 2014-жылы «Жезказган Энергосбыт» компаниясы да тендерден утуп чыкканына карабастан, ошол кездеги КР энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин «артыкчылыгы» менен сыртка сүрүлгɵн. Түшүнү тил менен айтканда Осмонбек Артыкбаев кɵмүр ташуучу Болотбек Абировдун «ишенимдүү тиреги» болуп турган.

Ал эми Болотбек Абировдун баласы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, акыркы 2,5 жылдан берки тɵрагасы Жаныбек Абиров. Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул жɵнүндɵ ɵзүнүн «Атамбаевдин 11 досу» деген журналисттик иликтɵɵсүндɵ да кеңири жазып чыккан.

Буга чычалаган Жаныбек Болотбекович жооп кылам деп боорду эзген бир жоругу бар. Кантип дейсизби? Чылпагын алам деп кɵзүн чукуп ала жаздаган Жаныбек Абиров Эдил Байсаловдун жазганына жооп кылып жатып Болотбек Абиров менин атам эмес деген. Ал ɵз сɵзүндɵ: «Болотбек Абировго менин фамилиям окшош экен. Чынында ал киши менин атам эмес, ал компанияларга биздин үй бүлɵбүздүн эч кандай тиешеси жок. Мен ɵзүм кайрымдуулук жана коомдук иштер менен гана алектенем», -деп боорду эзген жайы бар.  

Артынан сая түшкɵн журналисттердин суроолору улам бутага таамай тийген сайын, Жаныбек Абиров кийинки жоопторунда «Рассвет Компани» ЖЧКсынын ээси Болот Абиров анын атасы экенин мойнуна алган. Жалган айтканыны себебин, интервью телефон аркылуу алынгандыктан, ɵзүнүн үй-бүлɵсү үчүн кооптонгону менен түшүндүргɵн. Эми ойлонуп кɵрүңүз «Рассвет Компании» ЖЧКсынын ээси Болотбек Абиров атасы болуп жатса, анын компаниясынын баласына тиешеси таптакыр жок болобу? Калпты да кичине окшоштуруп айтса болмок экен Абиров мырза!

Биз сɵз кылган каарман Жаныбек Абиров кайрадан Бишкек Шаардык Кеңештин депутаты болом, керек болсо кайрадан тɵрагасы болсом дегенде эки кɵзү тɵрт. Керек болсо Бишкек шаарынын мэрлигине ɵз кишимди алып келем деп шайлоого аттанган кези. Бир кезде бизнесин жашыруу максатына ɵз атасы Болотбек Абировду менин атам эмес деп караманча танып атып айласы кеткенде моюнуна алган Жаныбек Абировго кантип ишенич артсак болот?! Айтмакчы, Жаныбек Абиров «принцип» деген сɵздү кандай түшүнɵт болду экен? Бишкек Шаардык Кеңешке мурунку чакырлышта СДПК партиясы менен келип агарып-кɵгɵрдү. Алмазбек Атамбаевдин сɵрɵɵнү менен депутат эле эмес, тɵрага да болгонго жетишти дегендей. Эми ал партиянын лидери камакта жатса аны «сатып» олигархтардын партиясына эрмешти. Болбосо ошол Жаныбек Абировду бийиктикке жеткирген СДПК партиясы деле

Бишкек Шаардык Кеңешке ат салышып жатат. Кайрадан ошол партия менен келсе эл алдында деле жүзү жарык болот эле го. Жапжаш туруп «прицип» дегенди мүшɵккɵ салып бууп коюп, партиядан партия алмаштырып аткан Жакебиз бул кетиши менен 60ка чыкканча 10 партияга «тийип» чыгат го, ыя?! Абировго байланышып курч суроолорго жооп алууну максат кылдык эле, байланышууга мүмкүн болгон жок. Жаныбек мырза, окуп калса суроолорубузга жооп берип коет чыгаар. Абировдун анык жүзүн ачкан суроо-жооптордун учугун дагы далай улайбыз…

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто


Пикир калтыруу
  • Jvvnwz
  • 26-11-2022, 21:25
  • : 21:25
    • Нравится
    • 0
levaquin 500mg sale oral levofloxacin
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter