У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


27 жаштагы келин 3 баласы менен 9-кабаттан секирип жан кыйды


 Ташкентте 27 жаштагы келин үч баласы менен 9-кабаттан секирип жан кыйды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 3-апрелде саат 19:20да болгон. Ташкенттин Сергели кичи районундагы №77 үйдө жашаган 27 жаштагы келин 2018-жылы жана 2019-жылы туулган эки уулун алгач 9-кабаттагы уктоочу бөлмөнүн терезесинен ыргытып, андан соң  2022-жылы туулган кызы менен терезеден секирип кеткен. Төртөө тең алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болушкан.
 
Окуя болгон жерге ыкчам топ келип, окуянын чоо-жайын иликтей баштаган.
 
Бул факты боюнча 109-берене (Атайылап киши өлтүрүү) жана 103-берене (Өзүн-өзү өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter