У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кош бол, кечир мени! Ошто 13 жаштагы өспүрүм 5-кабаттан секирип өз жанын кыйды


 Ошто 13 жаштагы өспүрүм 5 кабаттуу үйдүн чатырынан секирип өз жанын кыйды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
 
Маалым болгондой, өспүрүмдүн каза болгондугу тууралуу билдирүү 23-февралда саат 20.12де Тез жардам станциясынан түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал секирген кезде жанында классташтары болгон.
 
Маркумдун досунун айтканына караганда, алгач үйдүн чатырында беш өспүрүм болгон, кийин үчөө түшүп кеткен. Маркум жанындагы досунан телефон сурап, бир кызга видеобайланыш аркылуу чалып, сүйлөшүүдөн кийин ага: «Кош бол, кечир мени» деп айткан. Телефонду кайтарып берип, "апа, кечиресиз" деп чатырдан секирип кеткен. 
 
«Күбөлөрдүн айтымында, буга чейин өспүрүм досторуна өлөрүн айтып, март айында ал тирүү болбой турганын айтып жүргөн. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат», - деп билдиришти министрликтен.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter