У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баласын урган кишинин жубайы: "Күйөөм камалып кетсе 3 баламды кантип багам, төртүнчүсүн төрөгөнү жатам”


2 күндөн бери талкууга алынып жаткан баласын урган атанын 4-баласы жакында төрөлөт. Бул тууралуу ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев билдирди. Маалыматка ылайык, баласын отжимание жаса деп ур-тепкиге алган жаран Москвада аялы экөө дворник болуп иштешет. 

“Кармалган Эмилбек аттуу жаран беш жылдан бери Москвада үй-бүлөсү менен жашайт, 3 балалуу. Аялы экөө дворник болуп эмгектенгенин айтышты. Үйүнө барып таанышып чыктым, жашоо шарты абдан начар экен. Аялы ыйлап, “күйөм камалып кетсе 3 баламды кантип багам, төртүнчүсүн төрөгөнү жатам”-деп жалбарып жатат. Элде ар кандай талаптар коюлуп, камалсын дешүүдө. Мен коомчулукка кайрылат элем, уулун сабаган адамды 4-5 жылга эркинен ажыратуу туурабы же эскертүү берилсинби?”-деп суроо койду ИИМдин Москвадагы өкүлү.

Ал эми интернет колдонуучулары "аталык укугунан ажыратуу керек", "жазасын алсын"  деп жатышат. Ошентсе да "ата деген баланы ушинтип тарбиялашы" керек дегендер да жок эмес... Ал эми 4-наристесин күтүп жаткан эненин жалпы элден кечирим сураган видеосу тарап жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter