У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өз баласын мыкаачылык менен сабаган ата колго түштү


Элдин үрөйүн учурган видео социалдык тармактар аркылуу желдей тарады. Видеодо кичинекей баланы мыкаачылык менен сабап жаткан мырзаны көрүүгө болот. Ал уулун отжимания жаса деп кыйнап, башка көзгө койгулап, керек болсо муунткан. “Жезде болдуңузчу” деп кыздын жалдырап ыйлаганына карабай, баланы алып ыргытып бетке чаап, мойнунан кыскан.

Окуя кечээ 16-апрелде, Москва шаарында катталып, бүгүн, 17-апрелде  зөөкүрдү милиция кармап кеткени маалым болду. Видеодогу өз баласын сабаган жаран 36 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот.  Жубайы экөөнүн ортосунда 3 баласы бар. Сабап жаткан бала ортончу уулу болгон. Алар Москвада турушчу. Видеону көрүп ачууланган элдин талкуусу токтой элек. Бирөөгө кор, бирөөгө зар деген ушул...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter