У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чолпонай, ырчы: "Эч качан бирөөнүн баласына тийбегиле..."


Ырчы, актриса Чолпонай кызын уруксатсыз сүрөткө тарткандарга нааразы экенин айтууда.

"Концерт учурунда мени абдан капа кылган окуя болду. Сахна артында балдар ойноп жатканда бир чоочун кыз келип, бөбөктөрдүн арасынан менин кызымды колуна алып, сүрөткө түшө баштады. Анын мындай кылыгына ачууланып бардым да, кызымды колунан алып, мындан ары андай кылбоосун өтүндүм. Аздан соң болгон окуяны кайрадан анализдедим. Балким катуу кеткеним туура эместир, бирок бирөөнүн баласын суроо-сатыгы жок эле колго алып, сүрөткө тартуу туура эмес. Түшүнөм, ал жаман ойдо баланы алган жок, бирок мындай жорук баланын ата-энесине жакпай калышы мүмкүн деп ойлонушу керек болчу. Ооба, ата-эне боло электерге эне-атанын сезимдерин түшүнүү оор. Мен да кезинде татынакай балдарды көргөндө чогуу сүрөткө түшкүм келчү. Ошол себептен ата-эненин мойнунда баласына болгон чоң жоопкерчилик бар экенин түшүндүргүм келет. Элестетип көрүңүз, ата-эненин мойнунда баласынын ден-соолугу, коопсуздугу, татыктуу тарбия алуусу турат. Ошондуктан эч качан бирөөнүн баласына тийбеңиздер, өппөңүздөр жана сүрөткө тартпаңыздар" деген оюн жазган. Аздан соң ушул ойлорунан кийин жеке кат куржунуна "бой көтөрүп жатасың" деген билдирүүлөр көп келип жаткандыгын айтып, кандай болгон күндө да бирөөнүн баласына уруксатсыз кол тийгизген туура эместигин түшүндүрүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter