Москва шаарында баласын сабап жаткан кишини бүгүн, 17-апрелде милиция кармап кеткени маалым болду. Бирок баласын сабаган кишини милиция кармап кетпегенин, аялы, балдары менен жакшынакай эле жүргөнүн айтып, анын туугандары элге видео кайрылуу жасашты.
«Мына апасы, атасы. Жакшынакай эле турушат. Жөн эле жок нерсени бирөөлөр чыгарып, соцтармактарга таратып жибериптир. Небере жакшы. Туура түшүнүп, өчүрүп койгула»,-деп айтылат кайрылууда.
Эске салсак, өз баласын сабаган жаран 36 жаштагы Ала-Буканын Көк-Серек айылынын тургуну. Жубайы экөөнүн ортосунда 3 баласы бар. Сабап жаткан бала ортончу уулу болгон. Алар Москвада турушчу.