У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Самат Курманкуловдун жубайы: "Балдарыбыз видеону көрүп ыйлап жатышат. Өчүрүп салыңыздар, таратпаңыздар"


Эки дөө кармашса ортосунда чымын өлөт болуп, жөн эле жерден күлгүндөй курагында саясий тирешүүнүн курмандыгы болгон Чүй ОИИББ башчысы Самат Курманкулов  көп убакыттан бери дарыланып жатып, Москвадан Кыргызстанга сакайып кайтып келгени чоң кубаныч болду. Ал келээри менен жубайы менен өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу обсервацияга жаткырылган. Мекенине аман-эсен кайтып келгенине кубанып, анын кесиптештери туулган күнүн куттуктап барышып, Курманкуловду видеого тартып, коомчулукка жарыялап жиберишкен. Курманкуловдун абалын көрүп интернет колдонуучулары катуу талкуулап жатышкан. Көп өтпөй өлкөдөгү басма сөздөрдүн бирине анын жубайы кайрылуу калтырды. Ал интернетте тарап жаткан видеону колдон келсе бөлүшпөй, өчүрүп таштоону өтүндү.

"Биз 9 айдан бери Москвада дарыланып жүрүп, Кыргызстанга келээрибиз менен обсервацияга жаттык. Балдарыбыз менен көрүшө элекпиз. Алар видеону көрүп алып ыйлап жатышат. Мындай абал жолдошумду да капа кылды. Биз кесиптештердин куттуктоосуна ыраазыбыз, бирок видеонун коомдун талкуусуна чыгып кеткени аны капа кылды", - дейт Курманкуловдун жубайы. Тезирээк сакайып, үй-бүлөсүнүн бактысына узак өмүр сүрүүсүн тилейли. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter