У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


12 жаштагы баласын сабаган ата кармалды


 Чүй облусунун Москва районунда 12 жаштагы баласын сабаган ата кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 16-мартта аймактык милициянын кызматкери милицияга кайрылып, 12 жаштагы Д.К. атасы тарабынан катуу сабалганын билдирген.
 
Факты Москва районунун ички иштер башкармалыгында катталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси «Кыйноо» менен кылмыш иши козголду.
 
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүмдүн денесинде ур-токмоктун жаңы жана эски жаракаттары бар экени аныкталган. Өспүрүм 34 жаштагы атасы тарабынан бир нече жолу сабалганы белгилүү болду. Баланын атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 
 
Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter