У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акыркы видеосунда үй-бүлөсү менен коштошкон. Ысык-Ата районунда өспүрүм асынып алды


 8-март күнү Ысык-Ата районунда өспүрүм үйдүн короосунда даракка асынып алган жеринен табылган.
 
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-мартта билдиргендей, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция маркумдун өздүгүн тактады. Ал 2005-жылы туулган К.Ш. экени аныкталган. Денеге сырттан кароо жүргүзгөндө маркумдун денесинде эч кандай жарааттар табылган эмес.
 
Бул факты катоого алынып, иликтөө иштери жүрүүдө. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм телефонуна өз өмүрүнө кол салар алдында видео калтырганы белгилүү болду. Кадрларда өспүрүм кылган иши үчүн кечирим сурап, үй-бүлөсү менен коштошкон.
 
Тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter