У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыз эне болду. Сот айыпталуучуга төрт жылдан бери өкүм чыгара элек


     Мындан төрт жыл мурда Токмокто 13 жаштагы кыз кошунасы тарабынан зордуктоого кабылган. Анын кош бойлуу экени беш айдан кийин билинип, өспүрүм көз жарган. Сот төрт жылдан бери өкүм чыгара элек. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
 
Анын айтымында, 2017-жылдын ноябрь айында өспүрүм кошунасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. 2019-жылдын май айында жабырлануучунун апасы кызынын боюнда бар экенин билген.
 
«Апасы кызын дарыгерге алып барган, ал жерде кош бойлуулук беш ай деп белгиленген, бул тууралуу дарыгерлер милицияга билдиришкен. 2019-жылдын июнь айында кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө зордуктаган үй-бүлөнүн кошунасы болуп чыккан», — деп жазган Назгүл Турдубекова.
 
Бирок шектүү ушул күнгө чейин күнөөсүн мойнуна албай келет. Буга себеп, ал тукумсуз экенин айткан. Бирок эксперттик комиссия эркектин тукумсуз деген диагнозун жокко чыгарган. Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши зордуктоо боюнча айыпталып, сотко өткөн.
 
Соттун жүрүшүндө жабырлануучу кыз төрөп, эне болгон. Айыпталуучунун жактоочусу Москвадагы клиникалардын биринде генетикалык (ДНК) анализдерди текшертүү боюнча арыз жазган. Анализге кеткен чыгымды айыпталуучунун жакындары төлөшкөн.
 
Жабыркаган кыз өз ыктыяры менен ДНК анализинен өткөн.
 
Москвада жүргүзүлгөн ДНК изилдөөнүн жыйынтыгы зордукчунун жакындарына берилген. Анализдин жыйынтыгында айыпталуучу баланын биологиялык атасы болуу ыктымалдыгы 99,9999 пайызды түзгөн.
 
Зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыз айыпталуучу менен анын жактоочусунун шылдыңына чыдабай, өз жанын кыюуга аракет кылганы белгиленет. Соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, кыз посттравматикалык стресске кабылган, анын сот отурумуна катышуусу өтө жагымсыз болгон.
 
Ошого карабастан жабырлануучу сот процесстерине соттун өтүнүчү боюнча келип, биринчи инстанцияда эки жолу, апелляциялык инстанцияда бир жолу (соттун, прокурордун жана айыпталуучунун жактоочусунун талабы боюнча) көрсөтмө берген.
 
Бардык текшерүүлөр жана күбөлөрдүн жана жабырлануучунун өзүнүн көрсөтмөлөрүнөн кийин 2021-жылдын 12-февралында Токмак шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.
 
Соттун өкүмү менен макул болбогон зордукчунун жактоочусу аны актоо өтүнүчү менен аппеляциялык арыз жазган.
 
2021-жылдын 2-апрелинде Чүй облустук сотунда биринчи соттук отурум өткөн. Айыпталуучунун жактоочусу ДНКны Алматыдагы клиникадан текшертүүнү суранган, алгач сот анын сунушун четке каккан. Бирок кийинчерээк ал кайра анализ тапшырууга макулдук берген. Жабырлануучу тарап, сот менен прокурор айыпталуучунун кызыкчылыгын коргошууда деген ойго келишкен. 
 
«Суроо туулат: бул ишти кароонун объективдүүлүгү жана ар тараптуулугу кайда жана качан бузулган? Жабырлануучу өз кезегинде соттолуучунун жактоочусунун өтүнүчү менен ДНК анализинен өткөн. Анализ  акысын айыпталуучунун жакындары төлөшкөн. ДНКнын жыйынтыгын айыпталуучунун жактоочусу жеке алган. Эми балага экинчи жолу ДНК анализи дайындалды», - деди Назгүл Турдубекова.
 
Ал белгилегендей, ишти Чүй облустук сотунда кароо 2021-жылдын 2-апрелинен бери уланууда. Ал эми кылмыш иши жабырлануучунун беш айлык боюнда бар кезинде козголгон. 2023-жылдын сентябрь айында зордук-зомбулуктан төрөлгөн бала төрт жашка чыгаарын белгиледи.
 
Назгүл Турдубекова президент Садыр Жапаровдун, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун, Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын жеке бул зордуктоо фактысына кийлигишип, өспүрүмдүн укугун коргоо чараларын көрүүнү өтүнөт.
 
Ал жабырлануучу менен жабыркаган кыздын апасы сотторго, прокурорлорго ишенбей калганын, анткени алар зордукталган өспүрүмдүн кызыкчылыгынан өздөрүнүн жана кылмышкердин кызыкчылыгын жогору коюшканын белгиледи.
 
]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter