У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Онкологиялык оору менен алышкандар митингге чыгууну пландашууда


Өлкөдө жарыяланган өзгөчө абал онкологиялык илдет менен жабыркаган бейтаптар үчүн өтө оор сокку болууда. Бейтаптардын дарылары чет жактан алынып келинчү. Сырт менен болгон байланыш токтогондон бери дары-дармектер да табылбай, табылса да кымбаттап кетти. Керек болсо ооруп жаткандарды ооруканалар да кабыл албай жатканы маалым болду. Бул тууралуу “Биз ракты бирге жеңебиз” уюмунун башчысы Гүлмира Абдразакова маалымат булактарынын бирине маалымдады. Ошондой эле мындай шартта дары-дармектерди мамлекет камсыздап берсе болмок экенин кошумчалап, ак үйдүн алдына митингге чыгууну пландап жатышканын айтты. 

Рак менен ооругандардын дарылануусун бир минут токтотконго болбойт. Мурда дарыларды Турциядан, Россиядан алдырчубуз. Азыр анын баары жабылды. Бирок бизге мамлекет алдырып бериши керек эле.  Анын үстүнө биздин дарылар азыр абдан кымбаттап кетиптир. Үйүн сатып дарыланып аткандар бар.  Карантинге байланыштуу деп бизди кабыл албай жатат оорукана. Өтө оор оорулууларды гана кабыл алып жаткырууда. Биз жатышыбыз керек. Анткени убакытты жоготконуң бул оору үчүн өлүмгө тете.  Эмне кылаарыбызды билбей, бизге шарт түзүп бербегени үчүн биздин активисттер ак үйдүн алдына митингге чыгып, үнүбүздү жеткирели деп чечтик”-дейт уюм башчысы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter