У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Онкологиялык илдет менен жабыркаган айымдар беткап тигип жатышат...


Коронавирус күч алганы "сактыкка кордук жок" дегендей, 1-2 ай мурда эле беткаптарга болгон талап абдан жогору болуп, Бишкектин көп дарыканаларында беткаптар сатылбай, аймактарда баалары 2-3 эсе жогорулаганы маалым болгон. Мындай кырдаалды жөнгө салуу максатыда онкологиялык илдет менен жабыркаган айымдар өз колдору  менен көп жолу пайдалана турган беткаптарды тигип жатышат. "Жашоо үчүн баарыбыз бирге" деп аталган уюмдун мүчөлөрү 1000ге жакын беткапты тигип, кардарларына тапшырышкан. Эми миңге жакын тигилип жатканын кабарлашты. Миңден өйдө буйрутма бергендерге 15 сомдон, ал эми азыраак алам дегендерге 25 сомдон сатылат. Алар түшкөн каражатка дары-дармектерди сатып алышаарын кошумчалашты. Эгерде буйрутма кылам дегендер болсо 0505200312 номерине чалса болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter