У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Башка бирөөнүн аялын күч менен ала качкан жаран кармалды


 Адам уурдоого шектелген жаран кармалганын 6-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Кылмыш 4-март күнү таңкы саат беш жарымдар чамасында Калыс-Ордо жаңы конушунда болгон. Жергиликтүү тургундун айтымында, белгисиз бирөөлөр аялын күч менен унаага салып, бир жакка алып кетишкен.
 
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») менен катталды.
 
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
Алдын ала маалымат боюнча, ал келиндин мурдагы жигити болгон.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter