У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак-Ордо-3 конушунан турмуш куруу максатында кыз ала качкан жигит кармалды


 Токтогулга бара жаткан жолдон кыз уурдоого шектүү жаран кармалган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол -кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 23-сентябрда түнү Ак-Ордо-3 жаңы конушунда жашаган 2001-жылы туулган кыз уурдалган. Аны Ауди үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен.
 
Милиция кызматкерлери "Перехват" планын киргизип, бул тууралуу бардык ички иштер органдарына маалымат жиберилген.
 
 Эртең мененки саат 7:30дар чамасында Сосновка постунда кызмат өтөп жаткан Чүй РИИБнин Жол кайгуул кызматынын №5 взводунун инспекторлору маалыматта көрсөтүлгөн унаага окшош унааны байкап калышкан. Унаанын ичинде жигит менен кыз болгон, сүйлөшүүдөн кийин шектүү кызды үйлөнүү максатында Токтогулга ала качып бара жатканы белгилүү болгон.
 
1998 -жылы туулган шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter