Кыз ала качууга шектүүлөр кармалганын 21 -октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17 -октябрда Киргшелк айылынын 17 жаштагы кыз Токмоктогу курбусунун тоюна барып, ал жерден бир жигит менен таанышкан. Жигит кызга үйлөнүүнү чечип аны ала качан. Кыз жигиттин пландары жөнүндө билген эмес.
19 -октябрда саат он бир жарымдар чамасында кызды уурдап, унаага салышкан. Бул тууралуу дароо милицияга билдирилип, бул факты КР Кылмыш -жаза кодексинин 175 -беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча КЖБРине катталган.
Милиция кызматкерлери кызды Токмокко алып кеткенин аныкташкан. Ал жерде укук коргоо кызматкерлери 4 шектүүнү кармашкан - 1998 -жылы туулган С.А., 1991 -жылы туулган Т.М., 1999 -жылы туулган Т.К. жана 1999 -жылы туулган С.М. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Уурдалган кыз ата -энесине өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.