Нарын областы даваатан келгендердин запкысын тартып жатат
- 16.04.2020, 18:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын областында абал курчуп кетти. Бүгүн, 16-мартта 17 адамдан вирус табылса, алардын 11и Нарын областынан чыкты....Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 466 адам жугуштуу илдет менен алышып жатса, алардын 45и Нарында...Жугуштуу илдет тез жайылып кеткендиктен кыймыл толугу менен токтотулуп, элдин үрөйү учуп турган чак. Өтө ылдамдык менен ооругандардын көбөйүп жаткандыгынын негизги себеби, Пакистандан давааттан келген жарандын өзүнүн да, башкалардын да убалына калгандыгы болууда. Тактап айтканда вирус күчөп жатканын билип туруп четтен келгенине карабай, сактанбай, башкаларды да убайымга салганын бир күндө төрт адамга коронавирус жугузганынан баамдоого болот.
Бул тууралуу 16-апрелде брифингде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди. Анын айтымында Пакистанга барып келген жаран Пакистандан Өзбекстанга учуп келип, ал жактан Бишкекке 15-мартта келген. 19-мартка чейин борбордо болуп, 19-мартта такси менен Нарын шаарына келген. Таксинин ичинде чогуу келген төрт адам тең бул ооруну жугузуп алган. Ал эми ошол төрт адам дагы канча адам менен, ошончо адам дагы канчалаган адам байланышканы бир кудайга маалым...