Кадамжайда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн үч зөөкүр кармалды
- 05.09.2022, 20:52,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кадамжай районунда үч жергиликтүү тургун 14 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 15:25тер чамасында жашы жете элек 14 жаштагы кыздын сөөгү Ноогардан айылында табылган. Окуя тууралуу милицияга жергиликтүү тургундар кабарлашкан.
«Кыздын денесинде зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери болгон - аны муунтуп өлтүрүшкөн, колдору байланган. Маркум 14 жашта, ал Кадамжай районунун тургуну болгон. Адам өлтүрүүгө шектелип 25 жаштагы М.Ш., 27 жаштагы Г.Д. жана 24 жаштагы А. С. кармалды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.