У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Ата районунда түлөөдөн кийин эжеси инисин муунтуп өлтүргөн. Шектүү кармалды


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелип аял киши кармалганын 1-июлда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнда милицияга Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында эркек кишинин сөөгү табылды деген маалымат келип түшкөн. Сөөк сарайдан табылган. Чакырууга барган укук коргоо кызматкерлери маркумдум өздүгүн такташкан. Ал 1985-жылы туулган А.М. болгон. 

Аталган факт КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталган.

Милиция кызматкерлери маркумду өлтүрүүгө шектүүнү кармашкан. Ал 1982-жылы туулган А.М.нын бир тууган эжеси А. Т. болуп чыкты. Сурак учурунда ал иниси 29-июнда түрмөдөн чыгып келгенин, алар түлөө беришкенин, эртеси иниси менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүргөн айтып берген.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter