У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жашы жете элек кызды зордуктап, аны уурдап кеткен жаран кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды адам уурдоого шектүү катары кармашты. Бул тууралуу облустук башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалымтак ылайык, ал 18-майдан 19-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынан күч колдонуу менен 2003-жылы туулган кызды Ош шаарына алып келип, машинасында кармап отурган кезде милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2019-жылы жашы жете элек кызды күч колдонуу менен бир нече ирет зордуктаган. Ал «сени зордуктаган учурду видеого тартып алгам» деп коркутуп, кызды зордуктап жүргөн. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгон. Жабырлануучу бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айтып берген. 
 
«Кармалган адамды камакка алсаӊар гана ага каршы көрсөтмө бере алам, болбосо өз көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан коркком. Ал мага тынчтык бербейт»,- деп билдирген жабырлануучу.
 
«Ал болуп жаткан окуяны видеого тартып алганын айтып, кызды коркуткан. Жабырлануучу милицияга арыз жазуудан корккон. Кыз азыр да кармалган адамга каршы көрсөтмө берүүдөн коркуп жатат. 18-майда шектүү кызды унаага күчтөп салып уурдап кеткен. Ошко бара жатып, аны сабап, телефонун сындырып салган. 19-майда Ак-Буура районунун милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Факт КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды уурдоо” беренеси боюнча катталды”, - деп билдиришти ШИИБден.
 
Бүгүн Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт. Шектүү 1992-жылы туулган. Россияда иштеп келген. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Жабырлануучу 2003-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарында окуу жайлардын биринде окуйт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter