14-апрель, дагы 11 адам жугуштуу илдетке чалдыкты
- 14.04.2020, 10:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
14-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуккан дагы 11 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Алардын ичинен сегизи Бишкекте. Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки адам.
Жалпысынан 18-марттан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 430га жетти, бешөө каза болду. 71 адам айыгып чыкты. Ооруканада жаткан 13 бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.