У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлжигит Калыковго издөө жарыяланды. Ал баңгизат сатууга шектелип кармалган


 Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан жаран Калыков Гүлжигит Абдыкааровичке издөө жарыяланган. Ал баӊгизаттарын сатууга шектелип кармалган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 27-апрелде кабарлады. 
 
Маалыматка ылайык, Гүлжигит Калыков 21-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан баӊгизаттарын сактоого жана сатууга шектелип кармалып, 22-апрелде Сот аны өлкөдөн сыртка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тергөөчүлөр шектүүнү суракка чакырганда ал келген эмес. Милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүнө барганда ал үйүндө да жок болуп чыккан. Соттон чыккандан кийин эле шектүү из жашырып кеткен. 
 
Натыйжада, милиция кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында убактылуу жашаган 1987-жылы Гүлжигит Калыковго Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») тберенеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөгө жарыялаган.  
 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Гүлжигит Калыков тууралуу билгендер болсо 0557 78-01-79, 0700 45-89-89, 03222 4-82-82 номурлары аркылуу маалымат берүүнү өтүнөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter