У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: Баңгизат саткандарды коргоп жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери кармалды

 
   КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз Республикасынын жараны О.А.Ы. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 
   
Ошондой эле, алардын колдоочусу катары КР жараны, милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылып алынган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.
   
 Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter