У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кадамжай районунун 75 жаштагы тургуну ажылыкка чогулткан акчасын көпүрө курууга жумшады


 Кадамжай районунун 75 жаштагы Нурхан аттуу тургуну «ажылык зыяратка барам» деп топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө куруп берди. Кечээ, 24-апрелде Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында көпүрөнүн ачылышы болду.
 
“Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. Ага түбөлүк сооп жетип турсун деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экенмин. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди”, — дейт ал.
 
Аталган айылдын башчысынын айткнына караганда, буга чейин Кызыл-Булак жана Гайрат айылдарынын тургундары айланма жол менен өтүшүп, көпүрөнүн жоктугунан кыйналып келишкен.
 
«Нурхан Кочкорова эки кыздын апасы. Күйөөсү жаш кезинде каза болгон. Кыздары менен калган жалгыз бой эне тигүү цехинде тигүүчү болуп иштеген. Ал ажылыкка баруу үчүн көптөн бери акча чогултуп жүргөн. Бирок ал ажылыкка баруудан баш тартып, акчасын Кызыл-Булак айылы менен Гайрат айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылын бириктирип, Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна жумшоону чечкен. Буга чейин эки айылдын тургундары айланма жол аркылуу өтүп жүргөндүктөн кыйынчылыктар болчу. Азыр аларда 30 метрлик көпүрө бар. Нурхан апага эки айылдын тургундары ыраазы. Ал көпүрөнү маркум күйөөсүнүн урматына Адам деп атаган. Азыр айылда «Адам Ата» көпүрөсү пайда болду», - деп билдирген айыл өкмөт башчысы. 
 
Көпүрөнүн курулушуна 600 миң сомго жакын каражат жумшалган. Учурда Гайрат айылында 1610, Кызыл-Булак айылында 1800 адам жашайт.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter