У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЫЙЫК ЖЕР – СУУ элдеги эзелки билимдер

 
Азыркы адам цивилизациясына чейин бир нече акыл эстүү жандар өткөнүн альтернативалык билимдер айтып эле келе жатат. Бизден эстүү, бизден кыйын аң-сезимдүү адамдар болгонун, алар өз аксымдыгынан, ачкөздүгүнөн, текеберлигинен жер бетинен жексен болгонун жазышат. Жаратылышты кордоп, жер энеге кыянаттык кылганда, табият кырсыгынан жок болуп кеткенин баяндашат. 
Ушунчалык кооз, касиети ашып-ташкан, азыгы агылып-төгүлгөн жердин берешендигине кыянат кылуу кайдан чыкты? Табият менен таттуу мамиледе болууну, жаратылыш менен шайкеш болууну качан унуттук? Жан-жаныбардын үнүн кантип укпай калдык? Деген сындуу суроолордун алкагында ой тегеретип, атам замандан азыркыга чейин жашап келген экологиялык салттуу билимдер тууралуу эки ооз сөз жазууну туура көрдүм.
  
  1. Асман ата, жер эне
 
         Көз менен көрө алгыс, кулак менен уга алгыс учу кыйыры билинбеген кең ааламдын толтосунда биздин Саманчынын жолу аталган мейкин орун алган. Анын кылда учунда, кылым бүтпөс тушунда, киши баласы жашаган жер шары тегеренет. Ааламдын качан жаралганын так билбесек да, дүйнөнү дүңүнөн кабылдап, болмушту болушунча түшүнгөнгө аракет эзелтеден боло келген. Анын айкын мисалы эл оозунда эң көп айтылган “Асман ата, жер эне” айтымы. Жандуу-жансыз жаратылыш, ай, жылдыз, күн, от, суу, шамалдын баарын бир бүтүндүк катары кабылдаган түшүнүк, күнү бүгүнкүгө чейин элибиздин эсинде, жамы журттун жадында. 
Байыркы таш жазууларда “Үстүдө Көк теңри, астыда кара (күрөң) жер жаралганда, эки арада (экөөнүн ортосунда) киши уулу жаралган” деп жазылат. Бул  үчилтик  мыйзамы,  адамдагы бар түшүнүктүн баарына уюган. Кишиге жан Көктөн салынса, денеси Жерден бүтөт эмеспи. Ак нуру асмандан жааса, түшүмдү жерден күтөт эмеспи. Асманга карап тиленип келсе, жерге карап күрөнүп келген эмеспи. Асманды улуктап “ата” дегендин, жерди ыйыктап “эне” дегендин себеби ушул жакта уюп жатпайбы. Асман, ата катары камкор, жер эне катары мээрман. Асман ылдый карай сүйүп турса, жер ошончолук ийип турат. Элдеги “жамгыр менен жер көгөрөт” макалы, биз айткандын даректүү далили. Бийиктик менен ыйыктык, жуурулушкан биримдик экенинин мисалы дагы ушул.
         Ата каары менен тескеп турса, эне мээри менен нускап турган. Ошол сыңары асман жамгыры, кары, чагылганы менен каарын төксө, жер берекеси менен мээрин чачып келет эмеспи. 
Ушул эки жуптук түбөлүк бири-бирин толуктап, бири-бирин ээрчишип жүрмөгү бар. Адам уулу дагы ушул улуу жуптукка уюп, каарына көнүп, мээрине тунуп жашамагы шарт.
  1. Ыйык жер – суу 
         Кыргыз тектүү, түрк тилдүү элдердин көбү тутунган ыйык түшүнүктөрдө, жер – сууну бирге айтып, тогошкон бирдик, ажырагыс төптүк катары сыпаттайт. Таш жазууларда чегилген “Ыдык Йер-Суб”, Ыйык Жер-Суу деген түшүнүк, анын түптүү башат экенин айтып турат. Жылдын белгилүү бир убагында, Жер – Суу ээсине деп ак сарбашыл айтып, суу башына же көл боюна барышып курмандык чалып, тооп кылып турушкан. Байыркы кыргыздарда төрт ыйык саналган: Теңир, Умай, Жер – Суу, арбактар түбөлүк түшүнүк катары күнүбүзгө чейин жетип келди. Жер – Суунун ыйык экендигин бир нече мисалда айтып өтөлү.
  • Көч жаңы конушка түшүп, адеп кадам таштаганда, дароо карыялар Көккө алакан жайып: жер-сууң мазар, тоо-ташын мазар, андан чыккан азар! Агыны катуу суудан, капсалаң жуттан сактайгөр деп тилек кылган;
  • “Күчтүү болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн” деп жерди улуктап келишкен. Ал анткени жер кеңдиктин, көтөрүмдүүлүктүн, моюбастыктын символу эмеспи.  Кара жердин кайсы жери соо дейсиң. Адам баласынын алмустактан берки алааматына чыдап, залалына түтүп, зарыгып күтүп, кайра дагы кайталап ийип, багып турганы турган;
  • Ак эмгек кылсаң, эмгегиңди жебестен, эселеп эгин кайтарат. Чын дилден кылган мээнетке, чынардай дөөлөт ыйгарат;
  • “Туулган жердин топурагы алтын” экендиги, өз жеринин бөтөнчө ыйыктыгынан кабар берет. Алыска кеткен атуул, өз жеримен топурак буюрса экен деп тилек кылганын айта кетиш керек. Киндик кан тамган жердин адамга айрыкча таасир берерин, билинип-билинбеген купуя байланыш болорун, анан дагы сырдуу белгилер ээрчип жүрөрүн айтып калышат. Андыктан туулган жердин энедей касиети түбөлүккө өмүрүңө өбөлгө болору бышык.
 
“Суу сыйлаган зор, суу кордогон кор”. Жаратылыштын керемет заты суу. Суусуз өмүр супсак, барып-барып чөлгө айланар. Акыл эси бар жандык суунун ыйыктыгын айттырбай туят. А эгер кимде-ким сууну кор тутса, оңбой калар. 
  • Кыргыздар суу ичсе да, жүз чайса да булактан идишке суу алып, жууганы кайра келбей тургандай оолак барып колдонгон. Суусаганга суу берген, чоң сооп табат деп койчу эскилер. Жанга кубат, денеге дем болгон суунун санатын Жеңижок атабыздан аша баяндаган жан ага чейин болбосо, андан кийин боло элек. Суу азык эле болбостон, ал тазартуучу, агартуучу, аруулантуучу касиет. Суунун ээси дагы эси дагы бар экенин кийинки изилдөөлөр көрсөттү. 
  • Бабалар, баласы алыстан келсе башына суу айлантып чачкан ырымын тегин жерден жасаган эмес. Илешип келген терс нерселер, ушул тунук суу менен жуулуп, тазарып кетсин деген тилек. А чынында сууга кандай сөз, кандай мамиле кылынса ошондой маалыматты сактап каларын окумуштуулар ого эле көп айтып жатышпайбы.
  • Суу ушунча доорлор, сан миңдеген замандар өтсө да түгөнбөгөн, агылып-төгүлүп ийип турган керемет зат. Кандай киши келбесин жок дебей суусунун кандырып, катарга кошуп турган ыйыктык.
  • Карылар айтчу “суунун дагы сурагы бар” деген кепте жан бар. Сууну бейчеки колдонуп, ысырап пайдаланса, качандыр бир убакта какыраган кургакта калып, тамчы сууга зар болорун айткан тура. Сууга  түкүрбө, сууну булгаба, сууга заара ушатпа деген сыяктуу тыйуулар, сууга болгон сый урмат десе болот.   

  1. Ээлүү жер же жандуу – жансыз пирлери
 
“Иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар” деген кеп бар. Жаратылышта ар бир заттын көрүнүп-көрүнбөгөн ээси болору, аны эл ичинде “пир” деп атаары белгилүү. Кыргыз тектүү, түрк тилдүү элдерге тишелүү жан-жаныбар пирлери: Жер Эне – жердин пири, Умай Эне – наристенин пири, Кызыр Ата-бак-таалайдын пири, Баба Дыйкан – дыйканчылыктын пири, Таштар Ата – тоонун пири, Ойсул Ата – төөнүн пири, Кайберен – кийиктин пири, Ак Мүйүз – топоздун пири, Камбар Ата – жылкынын пири, Шаймерден – жигиттин пири, Дөөлөт – бакыттын пири,  Дөөтү – устачылыктын пири, Сулайман – суунун пири, Жоломан – жолдун пири, Камбаркан – күүнүн пири, Жел кайып – шамалдын пири, Зеӊги Баба – уйдун пири, Кумайык – иттин пири, Чычаӊ Ата – эчкинин пири, Чолпон Ата – койдун пири экендиги жалпыга маалым. Бул өз кезинде жан-жаныбардын дагы ээси бар экендигинен кабар берет. Маселен, мал соёрдо алгач Жаратканга жалынып, анан кийин анын пирине ниет буруп туруп курмандык кылынган. Эгер малы төлдөбөй, же жоголуп кеткен кезде, ошол жандыктын пирине кайрылган учурлар кездешет. Атүгүл токойго отунга барган киши, алгач бактын пири Байтерек атадан уруксат сурап анан кыйганы талапка ылайык болгон. Кимде-ким табиятка зыян кылса өзүнө эле эмес жакындарына, бала-чакасына залакасы тийип калган. Бул “чөптү кордосоң, көзгө саят” деген накыл менен эскертилип турган.
Азыркы тапта Алтайлыктарда “ээлүү” деген түшүнүк бар. Бизде касиеттүү жер, мазар жер дегенге үндөш. Ар бир мазарлуу жерди ыйыктап, ал жактын таза кубатына уюп, жыт чыгарып, курмандык чалып, ыйык жердин кутуна тунуп, Жаратканга жалынып тилек кылып келишкен. Мал сурасаң баланча мазарга, баш сурасаң түкүнчө мазарга, дөөлөт сурасаң дагы бир мазарга бар деген айтым алигүнчө эл оозунда. Балалуу болбой жүрүп мазарга барып тиленип, анан ушунча балалуу болдук дегенди көп эле уксак керек.  Мазар же ыйык жер менен болгон байланыш, алмустактан адам баласын ээрчий келген эреже. Калк ичинде ошондой ыйык жерине барбай, баалабай жүргөндөргө сын айтып “Базары жакын байыбайт, мазары жакын тайыбайт” деген эмеспи. Бул дагы экологиялык билимдин биз ойлогондон дагы алда канча терең экендигинен кабар берет.
  
  1. Жаратылыштын жазасы же жообу  
 
Адамдан башка жаныбар эч качан табияттагы тең салмактуулукту бузбайт. Жырткыч жаныбар азыгы калбай калганда гана аңга тиш салат. Салганда дагы керегинче алып токтотот. Адамдар керегинен ашырып, кээде бир үйүрдү кырып салган окуялар арбын. Акыры кайберендин каргышына калып, өздөрү оор жазага кабылганын билебиз. Ар бир жаныбар өз алдынча дүйнө, өз алдынча жаратылыштын кынтыксыз бөлүгү деп кабылдоого тийишпиз. Улуулар чөптү бейчеки жулсаң “кой, көктү жулба” деп тыйып турушар эле. Ошол сыңары эл түшүнүгүндө өсүмдүк, жан-жаныбардын убалы болот. Кесири тиет. Адам баласы жер жүзүндө дагы канча доорлор жашайт ким билет. Бирок дагы ошол жашоо учурунда табият менен шайкеш, жаратылыш менен үндөш болмоюнча, тагдыры татаалдашып кетер. Муну байыртан бери акыл эстүүлөр айтып келген. Бир карасаң жөнөкөй, бир карасаң жооптуу ишти аткарып туруубуз абзел. 

Мирхамид Токтогулов


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter